Түндүк Казакстандын санариптик платформасы иштелип чыгат

Түндүк Казакстандын санариптик платформасы иштелип чыгат

Түндүк Казакстан облусунун санарип платформасы иштелип чыгат. DeepBas жасалма интеллект системасынын жардамы менен космостон, абадан, суу ресурстарынан алынган маалыматтар бириктирилип, илимий чечимдер кабыл алынмакчы. Бул ишти 75 илимпоздон куралган 13 топ биргелешип аткарып жатат.

Асет Арыстанов, жерди аралыктан изилдөө жана картография тобунун жетекчиси:

– Маалымат булактары ар түрдүү. Алар статистикалык маалыматтар болушу мүмкүн, жерди аралыктан изилдөө болушу мүмкүн, ар кандай картографиялык маалыматтар. Андан тышкары облустун өзүндө жайгашкан ар бир станциялардын маалыматтары жана эң башкысы талаалык изилдөөлөрдүн маалыматтары. Буга кошумча жерди аралыктан изилдөө боюнча космостук сүрөттөрдү дешифрлеп, андан алган маалыматтарды колдонуу менен орто тактыктагы карталарды чыгарабыз.

Окумуштуулар аймактын жаратылышын изилдөө жана маалыматтарды чогултуу үчүн дрондорду жана SIGMA көп функциялуу мобилдик комплексин да колдонушат. Ал чогултулган маалыматты жасалма интеллект аркылуу талдап, мүмкүн болгон кырсыктарды болжолдойт. Долбоор 2024-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Тимур Таменов, учкучсуз авиациялык тутумдар тармагынын серепчиси:

– Былтыр биз Есил дарыясын сканерлегенбиз. Бир нече жыл мурун бул жерде суу ташкыны болгон. Биз жээктеги рельефтин санарип картасын түзүп чыктык. Мунун аркасында суунун деңгээлин көзөмөлдөп, кайсы аймак биринчи суу ташкынына кабылышы мүмкүн экенин алдын ала аныктоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков