Казакстан туризмди өнүктүрүү
индексинде жыйынтыгын жакшыртты. Республика дүйнөлүк туристтик багыттар
тизмесинде 119 өлкөнүн арасынан 52-орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк
экономикалык форумдун саякат менен туризмди өнүктүрүү тууралуу отчётунда
белгилүү болду. Жалпысынан дүйнөлүк рейтингде Казакстан 14 тепкичке көтөрүлүп, Борбордук
Азиядагы башка өлкөлөрдү басып өттү. Туризмдин социалдык-экономикалык
таасири, саламаттыкты сактоо
жана гигиена, жаратылыш жана маданий ресурстар, ошондой эле, адам капиталы менен
эмгек рыногу жана туристтик инфраструктура, кызмат көрсөтүү жаатында Казакстан
жогорку баага ээ болду.
Алишер Турсын, «KAZAKH TOURISM»
Улуттук компаниясынын расмий өкүлү:
- Бул өтө сонун жаңылык. Биз жакынкы
убакытта ушу рейтингдеги алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирүүнү көздөп жатабыз. Ал планга
2 кадам жакын калдык. Бул жыйынтыкка борбордук мамлекеттик органдардын,
жергиликтүү аткаруучу бийликтин, бизнес
ассоциациясы менен илимий-академиялык
коомчулуктун биргелешкен ишинин аркасында жеттик. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз.
50 эле эмес, алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү үчүн бул ишти улантышыбыз керек.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков