Казакстанда 12 миң чакырым жолдо куруу, оңдоо иштери жүрүүдө

Казакстанда 12 миң чакырым жолдо куруу, оңдоо иштери жүрүүдө

Быйыл Казакстанда 12 миң чакырым жолдо куруу, оңдоо иштери жүрүүдө. Бул мурда болуп көрбөгөндөй рекорддук көрсөткүч. Айта кетчү ири долбоорлор «Астана-Балкаш-Алматы», «Талдыкорган-Өскемен», «Актөбе-Кандыагаш» жана «Атырау-Астрахань» багыттары. Деген менен тармактык мекеме  облустук жана райондук маанидеги ири долбоорлор да көңүл сыртында калбай турганын билдиришти.

Марат Карабаев, транспорт министри:

-Эми быйыл жаңы программаны баштадык. Көптөн бери көңүл бурулбай, 15-20 жылдан бери такыр эле оңдолбогон жолдорду толугу менен колго алып, орточо ремонту бар иштерди баштадык. Алардын ичинен быйылкы жылы 2,2 миң чакырым жол боюнча иштер башталды.

Кошумчалай кетсек, быйылкы жылы эки чоң долбоор бүткөрүлүп, элдин пайдалануусуна берилет. Маселен, Жамбыл жана Түркестан облустарын бириктирген Шакпак Баба ашуусунда республикадагы биринчи тоннелдин курулушу аяктайт. Көптөн күткөн долбоорлордун бири: Чыгыш-Казакстан облусундагы Буктурма суу сактагычы аркылуу эки районду бириктирүүчү көпүрө. Эл анын пайдасын жыл аягынан тарта көрө алат жана ал Казакстандагы эң узун асма жол болот. Тагыраак айтканда, 1316 метр.

Марат Карабаев, транспорт министри:

-Анын бир тарабы туристтик жай болгон Маркакөлгө баруучу эң кыска жол болот. Азыр ал жактан адамдар паром менен өтүп жатышат. Айланма жол менен өтүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков