Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда биргелешкен инженердик хаб түзүлөт. Казакстан бул мүмкүнчүлүктү уюмдун Астанадагы бизнес кеңешинде кароону сунуштады. «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы Райымбек Баталов ассоциациянын өз ара алакасы көбөйүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы Казакстандын катышуучу өлкөлөрү менен товар жүгүртүү 66 миллиард долларга жеткен. Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында 29 миңден ашык компания жана Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн капиталынын катышуусу менен 5 миңден ашык биргелешкен ишканалар иштеп жатат. 2023-жылы өнөктөш өлкөлөр Казакстан экономикасына 4,6 миллиард доллар инвестиция салышкан. Бул багыттагы кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн Казакстан инвесторлор жана ишкерлер үчүн интерактивдүү карта иштеп чыкты. Эми бул платформага катышууга ассоциациянын бизнес өкүлдөрү чакырылды.
Райымбек Баталов, «Атамекен» УИК төрагасы:
-Инвестициялык карта – бир сөз менен айтканда санариптик чечим. Башкача айтканда, ар бир инвесторго жеке кеңсе берилет. Жалпысынан 4 этап бар. Атап айтканда, баштапкы каттоо мөөнөтү, долбоордук-сметалык документтер жана анын аткарылышы каралган. Эң негизгиси ар бир долбоор толугу менен көзөмөлдөнөт. Көйгөйлөрдү чечүүдө, анын ичинде инвестициялык штаб аркылуу жардам көрсөтүлөт. Бул инвестициялык карта менен биз ар кандай маселелерди чечебиз. Эң негизгиси, алар тез арада чечилет. Натыйжада, тобокелдиктердин коркунучу азайып, инвестициялык долбоорлордун ишке ашуусу тезирээк болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков