Казакстанда жол-курулуш
материалдарынын уникалдуу базасы ишке кошулду
Казакстанда пилоттук режимде жол курулуш материалдарынын бирдиктүү маалымат базасы ишке киргизилди. Жаңы тармактык система чийки зат, аларды өндүрүү борборлору, технологиялары, республикадагы битум жана асфальт заводдорунун материалдары жөнүндө толук маалыматты камтыйт. Долбоордун автору — Казак илим-изилдөө институту. Алардын айтымында, бир жерде топтолгон маалыматтар Жол активдеринин улуттук сапат борбору менен Долбоорлоочулар жана подряддык уюмдар ассоциациясына пайдалуу болот. Алар иштөө учурунда тутумда сакталган бардык маалыматтарды колдоно алышат. Алардын пикиринде, бул өлкөдөгү жол курулушун жаңы деңгээлге көтөрүп, заманбап ыкмаларды киргизүүгө түрткү берет.
Асель
Нугманова, Казакстан жол илимий-изилдөө институту департаментинин мүдүрү:
-Иштеп
жаткан бардык карьерлер, минералдык порошок, цемент жана жол курууга зарыл
болгон башка материалдарды чыгаруучу заводдор текшерилип турат. Жакында биздин Алматы
жана Астана шаарларынын мобилдүү топтору аталган объектилерди толук кыдырып,
материалдардын үлгүлөрүн талдоого алат. Кийинчерээк
лабораторияда майдаланган таш, минералдык порошок, цемент жана битум
үлгүлөрүнүн физикалык-механикалык касиеттери аныкталат. Башкача айтканда, бардык өндүрүш жерлеринин
тизмесинде чийки зат катары турган материалдар толук изилденген. Натыйжада
интерактивдүү онлайн карта түзүлүүдө. Ал карта азыркы учурда биздин сайтта
жеткиликтүү.
Жыл башынан бери мобилдүү топтор Алматы, Жетису, Түркестан, Акмола жана Түндүк Казакстан облустарындагы жумушчу карьерлерде болушту. Натыйжада подрядчылар жана долбоорлоочулар порталдан курулуш аянтчасынын жанынан карьерлерди жана асфальт-битум заводдорун таба алышат. Алар жайгашкан жеринен тышкары, материалдардын курамы жана сапаты жөнүндө толук маалыматка ээ болушат.
Асель
Нугманова, Казакстан жол илимий-изилдөө институту департаментинин мүдүрү:
- Жалпысынан,
мындай маалымат базасын түзүү жана иштетүү магистралдык жолдорду долбоорлоого
кеткен убакытты кыскартууга, автожолдордун сапатын жогорулатууга, ачыктыкты
жана жол куруу үчүн өтө маанилүү болгон маалыматтардын коомчулукка
жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат деп ойлойбуз.
Белгилей кетсек, бирдиктүү маалымат базасы жаңы материалдар менен технологиялардын чыгышына, карьерлердин жана фабрикалардын иштешине, климаттык өзгөрүүлөргө, колдонуучулардын сунуштарына байланыштуу дайыма жаңыланып турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков