Былтыр Казакстандын
саламаттыкты сактоо жана социалдык тармактарына тартылган инвестициялардын
көлөмү артты. Бул көрсөткүч 2022-жыл менен салыштырганда 43% көп.
Өткөн жылдын 11 айында негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 300
миллиард теңгеге жетти, - деп кабарлайт Finprom.kz. Ал эми тармактагы реалдуу капиталдын өсүшү 36% ашты. Эң көп инвестиция
борбор калаанын саламаттыкты сактоо
тармагына тартылган. Алматы, Түркестан, Чыгыш Казакстан облустарына ушу багытта
тартылган каржы да олуттуу болду.