2024-жыл «Болашак» эл аралык стипендиясына арыздар рекорддук деңгээлге жетти

2024-жыл «Болашак» эл аралык стипендиясына арыздар рекорддук деңгээлге жетти

271 казакстандык эл аралык «Болашак» стипендиясынын ээси болду. Мындай чечим Мамлекеттик кеңешчинин төрагалыгы астында чет өлкөлөрдө кадрларды даярдоо боюнча республикалык комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Стипендианттардын көпчүлүгү магистратурада окушуп, дүйнөдөгү эң мыкты университеттерде жана борборлордо такшалмадан өтүшөт. Стипендиаттардын 65% табигый-техникалык билим алышат, ал эми 35% социалдык – гуманитардык багытта окушат.  Мындан тышкары, 170 жаран чет өлкөлөрдөгү алдыңкы илимий-изилдөө борборлорунда илимий такшалмадан өтүү үчүн стипендия алышты. Жалпысынан быйыл инженердик-техникалык адистиктерге тапшыруулардын саны 6 эсеге өстү.