Казакстанда
жер казынасын пайдалануучуларды колдоо боюнча жаңы чараларды киргизүү
пландалууда. Мажилис мунай жана уран өндүрүү эрежелерин жаңырткан мыйзам
долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документ аукцион өткөрбөстөн, учурдагы
участокторду 5 миң метрге чейин тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул
геологиялык чалгындоону тездетүүгө жана жер казынасын өздөштүрүүнүн
натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Оор, битумдуу жана сланецтүү
мунайы бар технологиялык жактан татаал кендер үчүн өзгөчө укуктук режим
киргизилет. Мындай долбоорлор кошумча стимулдар жана мамлекеттик колдоо менен
камсыз кылынат. Өндүрүш тармагына инновациялык технологияларды киргизген
компаниялар үчүн да атайын шарттар каралган.
Едил Жаңбыршин, парламент мажилисинин депутаты:
- Мыйзам долбооруна мунайды
кайтарып алуу ыкмаларын колдонуу боюнча өзүнчө норманы кароо жана мындай
технологияларды киргизген компанияларга стимул берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу
киргизилген. Серепчилердин баалоосу боюнча,
"КазМунайГаздын" кендеринде мунайды кайтарып алуунун заманбап
ыкмаларын колдонуу 2050-жылга чейин кошумча 14 миллион тоннадан 25 миллион
тоннага чейин мунай өндүрүүгө, эски кендерди натыйжалуу пайдалануу мөөнөтүн
узартууга жана жумуш орундарын сактап калууга мүмкүндүк берет.
Мажилис банктар жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда карады
Ошондой эле Мажилис «Банктар жана банк ишмердүүлүгү
жөнүндө» мыйзам
долбоорун биринчи окууда карады. Документ каржы секторун жөнгө салууга жана
өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Анын
алкагында керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу күчөтүлүп, каржылык
алдамчылыкка каршы жаңы механизмдер киргизилет. Санариптик технологияларга
өзгөчө көңүл бурулган. Биринчи жолу Санариптик теңгенин макамы бекитилип, криптовалюталардын
жана башка санариптик активдердин жүгүртүлүшү жөнгө салынат. Мыйзам долбоору
ошондой эле банктык лицензиялардын эки түрүн - универсалдуу жана базалыкты
киргизет. Бул
Казакстанда каржылык кызмат көрсөтүүлөр рыногун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Татьяна
Савельева, парламент мажилисинин депутаты:
- Универсалдуу лицензия кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектринде иштеген ири банктар үчүн арналган, ал эми базалык лицензия капиталга карата жөнөкөйлөштүрүлгөн талаптары бар, бирок операциялык ишмердүүлүгү чектелген чакан банктар үчүн арналган. Бул рынокто жаңы банктардын пайда болушуна мүмкүнчүлүк түзөт, бирок системанын туруктуулугуна зыян келтирбейт. Биринчи жолу жүрүм-турумдук көзөмөл киргизилип жатат - банктын туруктуулугуна гана эмес, банктын кардар менен кандайча өз ара аракеттенишине да багытталган көзөмөлдүн жаңы түрү. Анын милдеттери - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, адилеттүү атаандаштыкты өнүктүрүү, таңууланган кызматтардын алдын алуу жана сотко чейинки жөнгө салуунун тез механизмдери.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

