Акордодо Конституциянын жаңы жоболорун маданият, маалымат жана социалдык саясат тармактарында ишке ашыруу маселелери каралды. Премьер-министрдин орун басары – маданият жана маалымат министри Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге аткарылып жаткан иштер тууралуу баяндап, билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системаларын өркүндөтүү боюнча маалымат берди. Өзгөчө көңүл адамдык капиталды чыңдоого жана заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө бурулду. Мамлекет башчысы Өкмөттүн бул багыттардагы ишмердүүлүгүнө оң баа берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

