Казакстанда «жашыл» алюминий өндүрүшү долбоору ишке ашырылат

Казакстанда «жашыл» алюминий өндүрүшү долбоору ишке ашырылат

Казакстанда түстүү металлдарды өндүрүү боюнча интеграцияланган өнөр жай паркы түзүлөт. Премьер-министр Олжас Бектенов Кытай корпорациясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Лю Юнсин менен долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Демилге алюминийден «жашыл» өнүмдү өндүрүү боюнча толук өндүрүштүк циклди түзүүгө багытталган. Ага чийки зат өндүрүү, алюминий негизиндеги өнүмдү кайра иштетүү жана кошумча наркы жогору материалдарды терең иштетүү кирет. Биринчи этапта глиноземди кайра иштетүүчү тоо-кен байытуу комбинатынын жана алюминий өндүрүү боюнча электролиз заводунун курулушу каралган. Бул жерде жаңылануучу энергия менен электр энергиясын өндүрүү бар. Долбоор эң заманбап экологиялык таза технологияларды киргизүү менен үч этапта ишке ашырылат. Жолугушууда жооптуу министрликтерге долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоо көрсөтүү тапшырылды. Кытай компаниясы жергиликтүү кадрларды окутуу жана казакстандык адистердин үлүшүн этап-этабы менен көбөйтүү сыяктуу белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков