Экономикага, саламаттыкты сактоого жана
мамлекеттик секторго жасалма интеллектти киргизүүдөн баштап, IT-архитектурасын
модернизациялоого, QazTech платформасын өнүктүрүүгө жана киберкоопсуздукту
камсыздоого чейин. Президент тарабынан аныкталган тогуз негизги багытты өкмөт
мүчөлөрү Астанадагы жыйында карашты. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн
жасалма интеллектти өндүрүш процесстерине интеграциялоо зарылдыгы белгиленди.
Саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект технологиялары так диагноз
коюуну, дарылоону жекече тандоону жана медициналык маалыматтардын бирдиктүү
базасына өтүүнү камсыздайт деп эсептешет министрлер кабинетинде. Мындан
тышкары, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Aitu мессенджери улуттук
платформа катары бекитилет, ал эми негизги сервистер бирдиктүү санариптик
чөйрөгө бириктирилет. Жалпысынан өлкөдө жасалма интеллектти тездетүү үчүн Олжас
Бектеновдун жетекчилиги астында санариптик штаб түзүлдү.
Которгон: Назира Бегалиева

