К. Токаев Конго демократиялык республикасы президентинин атайын өкүлүн кабыл алды

К. Токаев Конго демократиялык республикасы президентинин атайын өкүлүн кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Конго Демократиялык Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Патрик Мпойи Луабеяны кабыл алды. Мамлекет башчысы бул сапарды Казакстан менен Борбордук Африка өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам катары карай турганын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Конго Демократиялык Республикасынын Президентинин өлкөгө жасай турган сапарына даярдык маселелери, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков