Казакстан курамасы 2025 кышкы Азия оюндарына катышты

Казакстан курамасы 2025 кышкы Азия оюндарына катышты

Казакстандын улуттук курама командасы бирдин айынын 7-14 күндөрү Кытайда өтө турган кышкы Азия оюндарына аттанды. Астанадагы Qazaqstan жеңил атлетика спорт комплексинде узатуу аземи болуп өттү. Анда спортчуларга шайба менен хоккей боюнча өлкөнүн спорт чебери Адил Бекетаев жана шорт-трек боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Ольга Тихонова оюндардын ачылышында көтөрүп чыга турган мамлекеттик туу тапшырылды.

 

Эскерте кетсек, Казакстандын улуттук курама командасы коньки тебүү жана лыжа тебүү, көркөм муз тебүү, биатлон, керлинг жана шайба менен хоккей боюнча мелдештерге катышат. Жалпысынан спортчулар 51 медаль үчүн ат салышат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков