Мамлекет башчысы бокс тарыхында биринчи жолу дүйнөнүн үч
жолку чемпиону аталган Назим Кызайбайды тарыхый жеңиши менен куттуктады.
Сербияда өткөн мелдештин финалдык жарышында Назым Кызайбай атаандашы орусиялык
спортчу Юлия Чумгалованы 5:0 эсебинде утту. Эскерте кетсек, казак мушкери 2014,
2016-жылдары да алтын медалга ээ болгон. Ошондой эле Назым Кызайбай Париждеги
Олимп оюндарынын коло медалынын ээси.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

