Өсүмдүк майы, ун, жарма, чатыр жана
төшөнчү. Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардамдын 36 вагонун
жөнөттү. Бул иш президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен жүргүзүлдү.
Гумжардам темир жол аркылуу жеткирилди. Ал эми экинчи партия - дары – дармектер
жүктөлгөн салмагы 3 тоннадан ашык, учак менен жөнөтүлдү. Белгилей кетсек,
Казакстандын Ооганстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн айтымында, өлкө ооган
элин колдоону улантууну жана мамлекеттер ортосундагы байланышты өнүктүрүүнү
ырааттуу колдойт. Казакстан гуманитардык тармакта гана эмес, өнөр жай,
транспорт, логистика жана айыл чарба тармагында да кызматташууну тереңдетүүгө
даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

