Казакстанда шаар куруу объектилери ӨКМ менен макулдашылат

Казакстанда шаар куруу объектилери ӨКМ менен макулдашылат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы функцияларды жана ыйгарым укуктарды берүүнү сунуштап жатат. Мисалы, өлкөдөгү мекеме менен сейсмикалык, сел жана кар көчкү коопсуздугу маселелери боюнча курулуш объектилерин макулдашуу пландалууда. Жарандык коргонуу маселелери боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Мажилис биринчи окууда жактырды. Документти депутаттарга мекеме башчысы сунуштады. Чингис Ариновдун айтымында, сейсмикалык зонада жайгашкан калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн системалуу мамилелер киргизилүүдө. Тактап айтканда, мекемелерге акимиаттар менен биргеликте калкты жер титирөөдөн коргоо жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жүктөлөт. Ошону менен бирге ӨКМ бийиктиги 28 метрден ашкан объекттерге атайын корутундуларды берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө ниеттенүүдө, алар казакстандыктардын соода борборлоруна, спорт объекттерине жана башкаларга массалык түрдө баруусун болжолдойт. Алардын мекемеси эксплуатация учурунда өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин текшерет. 

Чингис Аринов, Өзгөчө кырдаалдар министри:  

- Жарандарга сапаттуу кызматтарды алуу максатында өрттөн коргоо системаларын орнотуу боюнча бул кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга өзүнчө талаптар белгиленет, тактап айтканда тиешелүү билимдин жана керектүү жабдуулардын болушу. Үчүнчү жактарга зыян келтирилген учурда, адамдардын массалык туруусу менен объекттерди камсыздандыруу системасы киргизилүүдө. Натыйжасында өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатып, ири объекттерде жана жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков