Казакстанда жарандардын жеке маалыматтарын коргоо күчөтүлөт

Казакстанда жарандардын жеке маалыматтарын коргоо күчөтүлөт

Жарандардын жеке маалыматтарын коргоо Казакстандын жаңы Баш мыйзамында бекитилет. Бул ченем жеке жашоонун кол тийбестигин, үй-бүлөлүк сырды сактоону камсыз кылууга, ошондой эле маалыматтарды мыйзамсыз чогултуудан, иштетүүдөн жана пайдалануудан коргоого багытталган. Аны ишке ашыруу үчүн колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилмекчи. Атап айтканда, жаңы ченемдер Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, жеке маалыматтар жана киберкоопсуздук жөнүндө мыйзамдарга тиешелүү болот. Бул багыттагы иштер эки негизги нукта жүргүзүлөт. Биринчиден, маалыматтарды коргоонун заманбап технологияларын, анын ичинде маалыматтарды бүмкөө жана хэшинг ыкмаларын киргизүү каралган. Экинчиден, компаниялардын жана жеке маалымат операторлорунун жоопкерчилиги күчөтүлөт. Алар маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга жана жарандарга кабарлоого, ошондой эле жеке маалыматтарды иштетүү башталгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү болушат.

Жаслан Мадиев, премьер-министрдин орун басары, жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри:

– Мамлекеттик органдар жана жеке сектор тарабынан иштетилүүчү жеке маалыматтарды иретке келтирүү жана эсепке алуу үчүн төмөнкүлөр түзүлөт: жеке маалыматтардын операторлорунун реестри алардын классификациясы менен, ошондой эле ишенимдүү чет өлкөлүк алуучулардын реестри. Кибермаданияттын деңгээлин андан ары жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, жеке маалыматтардын массалык түрдө ачыкка чыгып кетиши үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жана административдик айыптын чегин 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин көтөрүү каралууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков