Астана дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын бири деп таанылды. Эл аралык Numbeo порталы адаттагыдай
эле мыкты шаарлардын рейтингин жарыялап турат. Анда борбор калаага мыкты
жүздүктүн ичинен 81-орун ыйгарылган. Бул былтыркы рейтингден 24 тепкичке
жогору. Коопсуз шаарлар катарында Алматы да бар. Мегополис 195-орунда
жайгашкан. Рейтингге жалпы саны 263 шаар кирген. Ал эми алдыңкы сапта Абу-Даби,
Доха, Дубай шаарлары турат. Рейтинг түзүүдө шаарлардагы кылмыштуулук деңгээли,
тургундардын коопсуздугу жана инфраструктура эске алынган. Ага жарыктандыруу,
коомдук мейкиндиктер жана транспорт системасы да кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

