Борбор
калаада «Астана» Медициналык университетинин базасында
медицинада радиациялык коопсуздук боюнча окуу борбору ачылды. Ал жерде
медициналык физиктер, радиолог-дарыгерлер, дозиметристтер, медайымдар жана
радиоактивдүү нурлануунун булактары менен түздөн-түз иштеген медиктер өз квалификациясын
жогорулатышат. Бул үчүн радиобиология жана радиациядан коргоо илимий-изилдөө институтунун
адистери МАГАТЭ менен кызматташуунун алкагында атайын окуудан өтүштү. Мындан
тышкары эл аралык агенттик борборго керектүү жабдууларды сатып алууга каражат
бөлгөн.
Мейрат
Бахтин, «Астана»
медицналык борборунун алдындагы радиобиология жана радиациядан коргоо УИИнин
мудүрү:
- Бул
борбор эл аралык атомдук энергетика агенттиги МАГАТЭ долбоорунун алкагында ачылды.
Биздин адистер Европада квалификациясын жогорулатуудан өтүшкөн. МАГАТЭ серепчилери
менен бирдикте кадрларды даярдоо боюнча окуу программалары иштелип чыкты. Ошондой
эле медицинада сапатты көзөмөлдөө боюнча ультра сезгич дозиметрлер жана фантом
– тесттердин акыркы муунуна ээ болду.
Айта кетсек, окуу борбору ядролук медицина тармагындагы
адистер үчүн практикалык сабактары бар Борбордук Азиядагы биринчи жана жалгыз
мекеме болуп саналат. Ал эми борбордун базасында медиктерди жана бейтаптарды иондоштуруучу
нурлануудан коргоону камсыз кылуу боюнча улуттук стандарттар иштелип чыгат.
Илимий билимдерди өнүктүрүү башка тармактарда да жүргүзүлөт. Бул үчүн эки жаңы
изилдөө институту ачылат – жүрөк ритми жана дем алуу медицинасы. Ал эми
биринчиси адамдын эң маанилүү органынын ооруларын изилдей турган болсо,
экинчиси дем алуу органдарына байланыштуу илдеттерди изилдейт.
Наталья
Латыпова, Респиратордук медцина УИИнин мудүрү, Штаттан тышкаркы башкы пульмонолог:
- Бул жылы биздин улуттук
респиратордук медицина коому европалык респиратордук коомго кирди. Биз
меморандум түзүү менен бирге биргелешип ишке ашырылып жаткан бир катар
долбоорлорду карап жатабыз. Биз, КМШ өлкөлөрү, Беларусь, Орусия Федерациясы,
Кыргызстан жана башка университеттер менен иштешип жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков