Астанада Киберакадемия ачылды

Астанада Киберакадемия ачылды

Кибер академиясы Казакстандын борборунда ачылды. Ал Astana IT University базасында иштейт жана биринчи студенттерди кийинки окуу жылынан тарта кабыл алат. Мында университетте маалыматтык коопсуздук жаатында адистерди даярдоо азыр да жүрүп жатат, бирок жаңы долбоор окуучулардын санын көбөйтүүгө, аларды алдыңкы технологиялар жана тажрыйба менен тааныштырууга мүмкүндүк берет. Академия киберкоопсуздук жаатында дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Palo Alto Networks менен кызматташтыкта түзүлүүдө. Студенттерге эл аралык практикага, атайын лабораторияларга жана практикалык даярдык үчүн жабдууларга мүмкүнчүлүк берилет. Даярдоодо негизги басым жасалма интеллекттин өнүгүшү менен кибер коркунучтар да татаалдашып жаткандыктан, колдонмо көндүмдөргө жасалат. Серепчилердин айтымында, мындай шартта келечектеги адистер акыркы дүйнөлүк стандарттарга ылайык көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.

Ахмет Тусупов, Astana Innovation Day уюштуруучусу, Palo Alto Networks аймактык менежери:

–  Бул академиянын алкагында университеттин окутуучулар курамынан үч инструктор билим алышты. Академия эмне берет? Академия, биринчи кезекте, Palo Alto Networks компаниясынын маалыматтык коопсуздук боюнча акыркы билимине жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Эмне үчүн бул азыр маанилүү? Анткени, биз азыр жасалма интеллект доорунда жашап жатабыз, биз күн сайын ар кандай жасалма интеллект-инструменттерин өзүбүз колдонобуз, бирок бул инструменттерди хакерлер дагы колдонорун эске алыңыз.

Жаңы муундагы кибер адистерди даярдоо маселеси — борбор калаада өткөн Innovation Day Astana форумунун негизги темаларынын бири болду. Иш-чарага тармактык серепчилер, мамлекеттик орган өкүлдөрү жана чет элдик иштеп чыгуучулар чогулду. Көңүл борборунда — аймактык кызматташтыкты күчөтүү жана Казакстанда эл аралык талаптарга жооп берген коопсуз санариптик чөйрөнү түзүү маселеси турду.

Досжан Мусалиев, Санариптик өнүгүү, инновациялар, Аэрокосмостук өнөржай министринин орун басары:

– Биз бүгүн киберкоопсуздуктагы заманбап чакырыктарды талкуулайбыз. Бул, биринчи кезекте, жасалма интеллект. Жасалма интеллект кеңири жайылган дүйнөдө кантип коргонуу керек. Ошол эле учурда, жасалма интеллектти коргонуу үчүн, киберкоопсуздук үчүн кантип колдонсо болот. Параллель түрдө, бүгүнкү күндө кандай чечимдер бар, жакынкы бир-эки жылда кандай коркунучтар болот жана кошумча, бул маселелер боюнча Казакстан Республикасынын мыйзамдарына кандай өзгөртүүлөр киргизүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков