Астанада биринчи илимий-креативдүү хаб ачылды

Астанада биринчи илимий-креативдүү хаб ачылды

Астанада Борбор Азиядагы биринчи илимий-креативдүү хаб ачылды. Бул аянтча Назарбаев Университетинин базасында түзүлүп, жаңы креативдүү экономиканын долбоорлорун өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган. Өnergy Creative Hub ичинде алты лаборатория бар: санариптик контент жана кинодон баштап, биодизайн ал тургай гастрономияга чейин. Бардык багыттар практикалык колдонууга жана долбоорлорду бизнеске, шаардык чөйрөгө киргизүүгө багытталган. Хабда ошондой эле коворкинг жана резиденттик системасы каралган. Бул, окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, катышуучуларга идеяларды иштеп чыгуу менен гана чектелбестен, аларды даяр бизнес-өнүмгө жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул жерде медиаконтент түзүүгө же искусство тармагында долбоорлорду өнүктүрүүгө болот. Мындан тышкары, нутрициологдордун катышуусунда эксперименталдык ресторан сыноо режиминде иштей баштады. Уюштуруучулардын айтымында, хаб илим жана креативдүү индустриялар экономикалык натыйжага иштей турган өз ара аракеттенүүнүн жаңы моделин түзөт. Жалпысынан, долбоор таланттуу жаштар үчүн тартуу борбору жана идеялар өнүгүп, рынокко чыга турган платформа болууга тийиш.

Вакар Ахмад, Назарбаев Университетинин президенти:

Идея илимди маданият, искусство жана башка тармактар менен чыгармачылык симбиоздун алкагында бириктирүүдөн турат. Бул долбоор окутуучулар, студенттер, окумуштуулар, кеңири коомчулук, сүрөтчүлөр, жазуучулар менен биргеликте биздин алдыбызда турган көптөгөн маселелерди чечүү үчүн ишке ашырылат деп күтүлүүдө.

Жанайдар Мапан, медиа-лабораториянын жетекчиси:

– Өзүңүздүн кандайдыр бир окуяңызды же инфографикаңызды көрсөтө турган, же аны абстракция катары колдоно турган аймак. Биринчиси - кара циклорама, ал терең кара түстү берет, анда сиз кандайдыр бир жарнамалык роликтерден баштап, кызыктуу жана терең портреттерге чейин жаздыра аласыз. Биз ошондой эле подкасттык тартууларды, кандайдыр бир даректүү окуяларды коштой алабыз. Бул Астана менен гана чектелбестен, бүтүндөй Казакстан жана Борбор Азия дагы кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков