Казакстандын
аймактарында жаңы Конституциянын долбоору кызуу талкууда. Анын негизги
жаңылыктарына арналган жаштар форуму Актөбе аймактык университетинде өттү.
Жогорку окуу жайдын студенттери ачык талкууларды өткөрүп, пикир алмашып,
өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти. Спикерлер өлкөнүн Баш мыйзамын жаңылоо
– бул заманбап реалдуулукка стратегиялык жооп экенин, ал санариптик технологияларды
өнүктүрүүнү да камтый турганын белгилешти. Жарандардын укуктарын коргоого,
буллингге каршы турууга, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана
алардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун кеңейтүүгө өзгөчө көңүл
бурулду.
Наркозы Картжан,
Актөбе облустук университетинин проректору:
– Конституция
туруктуулуктун, экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн негизи
болуп саналат. Биз муну жаштарга түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Форумга жөн
гана белгилүү адамдар эмес, активдүү жарандык позициясы бар казакстандыктар
чакырылды. Алар өздөрүнүн жеке кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштардын
өлкөнү модернизациялоо процесстерине активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса
белгилешти.
Жалпы улуттук коалициянын мүчөлөрү Жамбыл облусуна барышты. Алар темир жол тармагынын кызматкерлери, токой чарбасынын жамааты,
ошондой эле ардагерлер менен жолугушту. Жолугушуулардын жүрүшүндө
катышуучуларга жаңы Конституциянын долбоорунун жоболору кеңири түшүндүрүлүп,
келип түшкөн суроолорго жооп берилди. Өлкөнүн Баш мыйзамын жаңыртуу коомдун
заманбап талаптарын эске алуу менен саясий системаны модернизациялоону карай
турганы белгиленди. Жолугушуунун катышуучуларынын пикиринде, бул бийлик
бутактарынын тең салмактуу иштешин камсыз кылууга жана узак мөөнөттүү экономикалык
өнүгүүнүн бекем негизин түзүүгө мүмкүндүк берет. Коалициянын мүчөлөрү тынчтык
жана туруктуулук казакстандык коом үчүн негизги баалуулуктар бойдон кала
берерин, ал эми жарандар менен ачык диалог жүргүзүлүп жаткан реформалардын
маанилүү бөлүгү экенин баса белгилешти.
Жигули
Дайрабаев, Парламент мажилисинин депутаты, «Жалпы Улуттук Коалициянын» мүчөсү:
– Жаңы
Конституцияны түзүү боюнча ишке мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон
окумуштуулар, юристтер, коомдук ишмерлер, ошондой эле көптөгөн депутаттар
катышты. Натыйжада
түп-тамырынан бери жаңыланган Баш мыйзам даярдалып, анын долбоору элдин
кароосуна сунушталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

