Казакстан менен Мажарстан стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт

Касым-Жомарт Токаев Венгрияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Президент Тамаш Шуйок менен жолугушту. Түшкү тамак форматындагы жолугушуунун жүрүшүндө президенттер эки тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттарын талкуулашты. Мамлекет башчысы боордош элдердин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин үч он жылдыгында ишенимдүү саясий диалог, бекем экономикалык кызматташтык жана тыгыз маданий-гуманитардык байланыштар түзүлгөнүн баса белгиледи. Тараптар өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө ниеттенишет, атап айтканда – соода жана инвестиция жаатында. Касым-Жомарт Токаевдин пикири боюнча, энергетика, транспорт, логистика, металлургия, АӨК (агроөнөржай комплекси) долбоорлору чоң потенциалга ээ. Өз кезегинде Венгриянын Президенти эки өлкөнүн жалпы тарыхый тамырлары да, келечекке умтулуулары да бар экенин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик жыйналыштын төрагасы менен дагы бир маанилүү жолугушуу өткөрдү. Казакстандын президенти өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн өзгөчө ролун белгилеп, Казакстан менен Мажарстандын мыйзам чыгаруу органдарынын байланыштарынын активдешүүсүн кубаттады. Мамлекет башчысы билим берүү жана ЖОЖдор аралык алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттыруунун маанилүүлүгүн өзүнчө белгиледи. Касым-Жомарт Токаев менен Ласло Кёвер эл аралык кырдаал боюнча пикир алышып, Венгрия парламентинин имаратын кыдырышты.

Эки тараптуу кызматташуунун маанилүү аспектилерин Казакстандын президенти жана премьер-министр Виктор Орбан талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө Касым - Жомарт Токаев Венгрия биздин өлкөнүн Европа биримдигиндеги ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгиледи. Бул сапардын башкы максаты-мамилелерге дем берүү. Сүйлөшүүлөрдө тараптар Казакстан – Мажарстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө бир катар маанилүү келишимдерге жетишишти.  Жалпысынан тараптар 6 документке кол коюшту.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү туруктуу өсүп жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 9% га өскөн. Биздин максат-аны 1 миллиард долларга жеткирүү. Биз Венгрияга товарлардын 95 түрүн, жалпы суммасы 700 миллион долларга жеткирүүгө даярбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле маанилүү соода жолдорунун бири -Транскаспий эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Бүгүн KTZh Express (казакстан темир Жолу экспресс), L. A. C. holding " (Эл Эй Си Холдинг) жана Xi'an Free Trade Port Construction and Operation (Сиань фри трейд порту констракшн энд корпорейшн) компанияларынын ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду. Бул документ өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жана транспорттук байланыштарды чыңдап, аймактагы экономикалык байланыштарды арттырууга дагы бир кадам болот.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык түзүмдөрдүн алкагында кызматташуусун өнүктүрүүнү айтып өттү. Казакстандын Президенти Венгриянын Премьер-министринин түрк мамлекеттеринин уюмунун ишине активдүү катышканын жана анын түрк интеграциясын кеңейтүүгө кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Өз кезегинде Виктор Орбан Касым-Жомарт Токаевдин сапарынын  эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүү үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Казакстан Президентинин Мажарстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгарууда тараптар өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын айтышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков