Казакстанда Almaty Superski тоо курортунун курулушу башталды

Казакстанда Almaty Superski тоо курортунун курулушу башталды

Казакстанда дүйнөлүк деңгээлдеги ири Almaty Superski лыжа курортунун курулушу башталды. Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өткөн жыйында мегаполистин тоолуу кластерин өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланып, долбоордун негизги объектилерин долбоорлоо жана куруу боюнча чечимдер кабыл алынды. Эс алуу аймагын куруу үчүн ачык тендер аркылуу Франция, Канада жана АКШдан алдыңкы эл аралык компаниялар тандалып алынган. Франциянын POMA компаниясы гондола жана аркан жолдору бар 11 заманбап канат жол курат. Ал ушул сыяктуу долбоорлордо кеңири тажрыйбага ээ, 90 өлкөдө 8000ден ашык долбоорду бүтүргөн. Ал эми долбоорлоодон тартып курулушка чейинки бардык этаптарды координациялоо ишин америкалык компания өзүнө алат.


Ержан Еркинбаев, «Kazakh Tourism Development» компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү:


– Almaty Superski курортун курууда экологиялык чечимдер колдонулат деп чечим кабыл алынды. Норман Фостердин архитектуралык бюросу тарабынан долбоорлонгон имараттар канаттуу жолдордун имараттарын жана станцияларын курууда негизинен жыгач конструкцияларды колдонууну билдирет. Бул жер иштерин кыскартууга жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга мүмкүндүк берет дегенди билдирет. Бул конструкцияларды бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон StructureCraft канадалык компания чыгарат.


Премьер-министр Олжас Бектенов долбоордун мөөнөтүн, сапатын, ошондой эле эл аралык коопсуздук стандарттарынын жана экологиялык жоопкерчиликтин сакталышын катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.  Өкмөт Almaty Superski долбоору туризм тармагын өнүктүрүп, тейлөө тармагына мультипликативдик таасир этет деп эсептейт. Лыжа базасы 2028-жылдын бештин айында ачылышы мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков