Казакстанда 2030-жылга карата өндүрүш көлөмү эки эсеге артат

Казакстанда сейрек кездешүүчү металлдар тармагына инвестициянын көлөмү 40% өсөт. Бул максатка жетүү үчүн өлкөдө 2024-2028-жылдарга арналган комплекстүү план бекитилди. Бул тууралуу Мажилисте өткөн өкмөттүк саатта Өнөр жай жана курулуш министри билдирди. Канат Шарлапаевдин айтымында, бул багытта бир катар чет элдик инвесторлор менен тиешелүү келишимдер түзүлдү. Ошол эле учурда, литий сыяктуу сейрек металлдардын кендерин биргелешип иштетүүгө жана кайра иштетүүгө англиялык, германиялык жана америкалык компаниялар кызыктар. Тармак жетекчисинин айтымында, жалпы өлкө боюнча өндүрүш багытындагы инвестициялык долбоорлорго артыкчылык берилет. Быйыл гана жалпы наркы бир жарым триллион теңгелик 180 долбоордун тизмеси түзүлдү. Жакынкы эки жылда 4,8 триллион теңгеге бааланган 621 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделген.

 Канат Шарлапаев, Өнөр жай жана курулуш министри:

-Биздин министрликтин тизмесине 6,7 триллион теңгеге 9 долбоор киргизилди. Жалпысынан металлургияда 5 долбоор, 2 долбоор автоунаа өнөр жайында жана химия тармагында 2 долбоор бар. Долбоорлор чет элдик ири инвесторлор менен биргеликте ишке ашырылат. Кайра иштетүү өнөр жайынын артыкчылыктуу багыттарында жогорку кайра иштетүү кластерлери түзүлөт.

Бул жаатта айта кетүүчү жагдай, Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2023-2029-жылдарга арналган борборлоштурулган концепциясы кабыл алынды. Натыйжада өндүрүш көлөмү эки эсеге, ал эми кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы кошумча наркы дээрлик үч эсеге көбөйөрү күтүлүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков