Кипр Республикасынын Президентин расмий тосуп алуу аземи Көз карандысыздык сарайында өттү. Никос Христодулидис өлкөгө биринчи жолу расмий сапар менен келди. Эки мамлекеттин башчылары расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырышты. Андан соң Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берип, Казакстан менен Кипрдин мамлекеттик гимндери жаңырды.
Касым-Жомарт Токаев менен Никос Христодулидис тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мамлекет башчысы Кипр Президентинин Казакстанга биринчи расмий сапарынын тарыхый маанисин белгиледи. Өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер активдүү өнүгүп жатат: эки борбордо тең элчиликтер жана түз аба каттамдары ачылды. Бүгүн Астанага биринчи каттам аткарылды, аны менен Кипр Президенти учуп келди. Ошол эле учурда Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт. Президент Казакстандын кызматташтыкты андан ары өркүндөтүүгө даяр экенин ырастады. Никос Христодулидис өз кезегинде сүйлөшүүлөр өнөктөштүктү чыңдоого салым кошот деген ишенимин билдирди. Андан кийин мамлекет башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр кеңейтилген курамда, эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда улантылды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Биз жаңы эле мазмундуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө болгон жалпы милдеттенмебизди ырастадык. Казакстан сиздердин өлкөңүздөр менен болгон салттуу достук байланыштарды жогору баалагандыктан, өз ара пайдалуу келишимдерди түзүүгө даяр.
Казакстандын Президенти Никос Христодулидис менен бирге
өкүлчүлүктүү бизнес-делегация келгенин жарыялады. Санариптештирүү
жана жасалма интеллект, логистика, финансы, туризм, билим берүү, кайра
жаралуучу энергетика жана инфраструктура тармактарына өзгөчө көңүл бурулууда. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бүгүнкү
бизнес-форум жана соода палаталарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга
кол коюу ишкердик байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Казакстан өлкөгө инвестиция
салууга жана өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө даяр болгон кипрлик компанияларды
кубаттайт. Бизнес жана инвесторлор үчүн тартымдуу шарттарды түзүү Казакстан
үчүн негизги артыкчылык болуп саналат. Андан тышкары, парламенттер аралык
байланыштар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мындан ары жакындашуу үчүн туруктуу
саясий жана укуктук негиз түзөт.
Никос Христодулидис, Кипр
Президенти:
– Биз Борбордук Азиянын жана
Казакстандын дүйнөдөгү ролунун геосаясий маанисин түшүнөбүз. Казакстан Европа
Биримдигинин стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Кипр Европа Биримдигинин
мүчөсү катары Казакстандын инвесторлору жана компаниялары үчүн Европа рыногуна
ишенимдүү дарбаза болуп кызмат кыла алат. Биз Европа Биримдигинин
стандарттарына толук жооп берген алдын ала айтууга боло турган бизнес чөйрөсүн
сунуштайбыз.
Кызматташтыкты тереңдетүү үчүн Касым-Жомарт Токаев бир
катар сунуштарды жарыялады. Алардын ичинде 2028-жылга чейин Экономикалык
кызматташтык боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана Экономикалык кызматташтык
боюнча өкмөттөр аралык комиссияны жана Ишкер кеңешти түзүү камтылган. Сүйлөшүүлөрдөн
кийин мамлекет башчыларынын катышуусунда расмий делегациялардын мүчөлөрү бир
катар мекемелер аралык келишимдер жана меморандумдар менен алмашышты.
Казакстан менен Кипрдин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Касым-Жомарт Токаев Никос Христодулидиске I даражадагы «Достук» орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

