Казакстандын референдумдун борбордук комиссиясы Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумдун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Жалпысынан 9 миллион 127 миң 192 адам өз тандоосун жасады. Бул добуш берүүгө укуктуу жарандардын санынын 73,12% түздү. Алардын 87,15% жаңы Конституцияны кабыл алуу маселесин оң жагына чечүүнү колдоп добуш беришти.
Нурлан Абдиров, Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы:
– Ар бир аймактагы жарандардын басымдуу көпчүлүгү бул чечимди колдоп добуш беришти. Ошентип, Республикалык референдум жөнүндө мыйзамдардагы өлкөнүн 20 чөлкөмүнүн үчтөн экисинде добуш берүүгө катышкан жарандардын жарымынан көбү оң чечим үчүн добуш берүү талабы аткарылды. Ошондуктан жаңы Конституция кабыл алынды деп таанылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

