Казакстан АКШга кезектеги буудай унун жөнөттү. Бул жолу
Нью-Йоркко 20 тоннадан ашык ун жеткирилди.
Продукция Костанайдагы эң ири комбинатында — Борбор Азиядагы алдыңкы
ишканалардын биринде өндүрүлгөн. Жүк
Транскаспий эл аралык маршруту боюнча жеткирилди – Актау, Алят, Поти, Стамбул
порттору жана андан ары Атлантика океаны аркылуу. Айыл
чарба министрлиги билдиргендей, чет өлкөлөрдө казак унуна болгон суроо-талаптын
өсүшү — ата мекендик өнүмдүн эл аралык рыноктогу туруктуу ордун тастыктайт.
Саят Камзин, айыл чарба
министрлигинин агроазык-түлүк базарлары, өнүмдөрдү кайра иштетүү
департаментинин башкармалыгынын жетекчиси:
– 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча
айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту 7 миллиард долларга жетти. Экспорттун негизги
багыты, албетте, дан жана ун. Бардык багыттар боюнча, анын ичинде салттуу
рынокторго да жеткирүүлөр белгиленүүдө. Мисалы, Өзбекстан, Тажикстан,
Түркмөнстан. Мындан тышкары, мамлекеттик колдоонун аркасында транспорттук
чыгымдарды субсидиялоо менен жакын чет өлкөлөрдүн рыноктору өнүгүүдө.
Казакстандык буудай биринчи жолу Вьетнам, Марокко, Алжир, БАЭ сыяктуу өлкөлөргө
жеткирилди. Андан тышкары, Грузия жана Азербайжан сыяктуу рынокторго
жеткирүүлөр кайра жандантылды.
Эске сала кетсек, өткөн жылы Америка Кошмо Штаттарына 50 тонна казакстандык буудай уну экспорттолуп, ал Amazon жана Walmart сыяктуу ири онлайн платформаларда сатылып, ошондой эле америкалык наабайканаларда колдонулган. Мындан тышкары, ата мекендик унду ресторандарга, кофеканаларга жана ири чекене соода тармактарына жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жигердүү жүрүп жатат. Ошондой эле Американын ири чекене тармактарына чыгуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

