2027-жылдын
аягына чейин 3 миңден ашуун казак айылы сапаттуу байланыш менен камсыз болот,
бул 1 миллиондон ашык тургун дегенди билдирет. Бул тууралуу Касым-Жомарт
Токаевге «Казактелекомдун» башкармалыгынын төрагасы Багдат Мусин билдирди. Компания
бир жарым миллиондон ашык үй чарбасын тейлеп, Казакстандын оптикалык тармагын
кеңейтүүнү улантууда. Ошондой эле Актау менен Сумгаиттин ортосунда суу
астындагы оптикалык-була байланыш линиясын куруу боюнча эл аралык долбоор ишке
ашырылууда. Долбоор Казакстандын транзиттик дараметин чыңдоого жана Европа
менен Азиянын ортосунда санариптик коридорду түзүүгө багытталган. Ал эми дагы
бир стратегиялык долбоордун алкагында Экибастузда маалыматтарды иштеп чыгуу
борбору түзүлүүдө. Ал эл аралык технологиялык компанияларды тартып, өлкөнүн
инвестициялык тартымдуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

