Түркмөнстан транзиттик-транспорттук потенциалын өнүктүрүүдө

Түркмөнстан транзиттик-транспорттук потенциалын өнүктүрүүдө

Түркмөнстанда «Мары – Түркменабат» жол тилкеси ачылды. Ал «Ашхабад-Түркменабат» жогорку ылдамдыктагы магистралынын бир бөлүгү болуп саналат, ошондой эле «Чыгыш-Батыш» жана «Түндүк-Түштүк» транзиттик коридорлорунун курамына кирет. Узундугу 600 чакырым жол өлкөнүн борборун чыгыш аймагы менен байланыштырат. Алты тилкелүү трасса интеллектуалдык көзөмөл системасы менен жабдылып, дүйнөлүк сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык келет - реалдуу убакыттагы видеого көзөмөл жол үстүндөгү маалыматтарды чогултуп, тиешелүү мекемелерге жөнөтөт. Серепчилердин айтымында, таш жол жүргүнчүлөр жана жүк ташуучулар үчүн жол жүрүү убактысын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Анын үстүнө трассанын ачылышы Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган Туруктуу транспорт он жылдыгынын башталышы менен дал келди. Бул документке демилгечи болгон Түркмөнстан үчүн мындай обьектини ишке киргизүү глобалдык логистикалык системага ыкташууга мүмкүндүк берет.

Сердар Агамырадов, «Түркмөн авто жолдору» мамлекеттик корпорациясынын адиси:

– Жолдун бул бөлүгү дүйнөлүк стандарттарга толук жооп берген татаал инженердик-техникалык комплекс болуп саналат. Трасса боюнда 11 көпүрө курулуп, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн бардык керектүү инфраструктура түзүлдү. Атап айтканда, 2 конок үйү, чакан жана чоң төлөм терминалдары, ошондой эле 5 заманбап авто май куюу станциясы курулду.

Фелипе Дуке, «GEA» француз компаниясынын коммерциялык мүдүрү:

Биздин компания жол акысын алуу тутумун, ошондой эле видеокөзөмөл тутумун жабдууну ишке ашырды. Бул объектилердин сертификаттары ар кандай ISO стандарттарына ылайык келет. Алардын катарына - тутумдардын коопсуздугун башкаруу жана жол акысын алуу тутумунун коопсуздук талаптары да кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков