Бир катар чет элдик компаниялар Казакстандын жер кыртышын
изилдөөгө ниеттенүүдө. Алар геологиялык чалгындоо ишине 40 млрд теңгеден ашык
инвестиция салууга даяр. Мындай жаңы маалымат Geoscience & Exploration
Central Asia Эл аралык геологиялык форумунда айтылды. Жалпысынан өлкөдө
2026-жылга карай геологиялык изилденген аймактын аянтын 1,5 млндон 2,2 млн
чарчы чакырымга чейин көбөйтүү пландаштырылган. Буга жетүү үчүн
2022-2025-жылдар аралыгында мыйзамдарга концептуалдык түзөтүүлөр киргизилди. Былтыр
мамлекеттик эсепке 17 жаңы кен орду коюлду.
Иран Шархан, өнөр жай жана
курулуш вице-министри:
– Инвесторлор үчүн бизде жер
казынасын пайдалануунун бирдиктүү порталынын алкагында интерактивдүү карта
иштейт, бул карта инвесторго кен табылышы мүмкүн болгон жерлерди көрсөтүп,
Казакстан Республикасынын бардык аймагындагы инвестиция салууга боло турган,
жүрүп жаткан геологиялык чалгындоо иштерин, кен казуу объекттерин көрсөтөт.
Башкача айтканда, азыр ар кандай ыйгарым укуктуу органдар менен
министрликтердин башкаруусундагы тармактар бир системага бириктирилген.
Бүгүнкү күндө Казакстанда болжол менен 10 миң кен чыккан
жер бар. Ресурстук базанын бир кыйла бөлүгүн сейрек жер металлдары түзөт. Анын
ичинде церий, неодим, иттрий жана башка да элементтердин кору кездешет. Жалпы
жер астын геологиялык изилдөөнү каржылоо 10 эсеге көбөйтүлүп, алдыдагы 3 жылда
болжол менен 500 млн долларды түзөт.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:
– Жер казынасын пайдалануунун Бирдиктүү порталынын ишке
киргизилиши маанилүү кадам болду. Ал көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгын жана
жеткиликтүүлүгүн камсыздады. «Ким биринчи келсе, ошол алат» деген дүйнөлүк
алдыңкы тажрыйбанын негизинде жер казынасын пайдалануу укугун берүү процесстери
кыйла жеңилдетилди. Бул акыркы үч жылда геологиялык чалгындоого болжол менен
280 млрд теңге жеке инвестиция тартууга мүмкүндүк берди. Пайдалуу кендердин корлору
боюнча эл аралык отчеттуулуктун стандарттары киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

