Быйылкы жылдан баштап Өзбекстандын мамлекеттик архивиндеги Казакстанга байланыштуу жаңы маалыматтар изилдене баштайт. Жашыруун документтердин түбү түрк элинин өткөнүн тизмектеп, тарыхын барактоого жол ачат. Өзбекстандын архивинде 16 миллиондон ашык документ бар. Анын жарымы Казакстанга тиешелүү маалыматтар. Алардын көбү изилдөөчүлөрдүн колуна түшкөн эмес. Тарыхчылар коомчулугу жаңы маалыматтарга ээ болушу толук мүмкүн дейт өзбек адистери.
Ыбырайым Бабаев, Маданият жана маалымат министрлиги, архив документтери жана китеп иши комитетинин башкарма башчысы:
– Биздин максатыбыз көп жагынан ачыла элек тарыхый жана улуттук архив фондундагы документтерди ачуу. Келечек муундарга аманат катары жеткирүү. Бул 3 жылга арналган эки тараптуу илимий эмгектер жарык көрөт.
Ануаржан Алиев, Узархив агенттигинин маалымат кызматынын жетекчиси:
– 2007-жылы Казакстан менен Өзбекстандын архив тармагында эки тараптуу меморандумга кол коюлган. Ал эми былтыр бештин айында практикалык чаралар боюнча жумуштарга келишим тузулдү. Мындан улам эки өлкөнүн ортосунда бир катар изилдөөлөр жүргүзүлүп, тарыхый маанилүү маалыматтар ачыкка чыкты. Учурда биздин фонддогу документтердин дээрлик жарымы Казакстанга тиешелүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков