Президент Касым-Жомарт Токаев Жапониянын Казакстан менен парламенттик достук лигасынын төрагасын кабыл алды. Мамлекет башчысы Ясутоши Нишимуруну бул кызматка дайындалышы менен куттуктады. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле парламенттер аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Жапония Казакстандын Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, өткөн жылы Токиого болгон сапарынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду. Мындан тышкары, президент Казакстан кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Борбордук Азия жана Жапония лидерлеринин кийинки саммити келерки жылы Астанада өтөрүн жана ага даярдыктар башталганын эске салды. Президент жолугушуунун аягында Ясутоши Нишимуруну 1-даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

