Маселен, Мангыстау облусунда сегиз заводду ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Алардын ичинде жылына 200 миң тонна кеме отун өндүрүүгө жөндөмдүү мунай-химиялык комплекстин курулушунун экинчи этабы пландаштырылган. Ошондой эле республикада жалпы баасы 20 миллиард теңгеге жакын аммоний сульфатын, көмүр-аммиак туздарын, аммиак суусун, антифризди, мембраналык изоляциялык материалдарды жана органикалык химиялык заттарды чыгарган өндүрүш борборлору ачылат.
Которгон: Илгиз Жамалабеков