Казакстан жерди зонддогон жер спутниктеринин өндүрүшүн баштайт

Казакстан жерди зонддогон жер спутниктеринин өндүрүшүн баштайт

Казакстанда жерди аралыктан зонддогон жер спутниктеринин өндүрүшү башталат. Ал космос аппараттарын кураштыруу жана сыноодон өткөрүү комплексинин базасында чыгарылат. Бул жерде орто деңгээлдеги «KazEOSat-MR» жер спутниктеринин 60% өндүрүлмөкчү. Алар азыркы учурда колдонулуп жаткан «KazEOSat-2ни» алмаштырат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Ал эми жер спутниктери келерки жылдан тартып чыгарылат деп күтүлүүдө. Бул долбоор Казакстандын космос аппараттарын өндүрүүчүлөрүн дүйнөлүк рынокко алып чыгып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Белгилей кетсек, жер спутниктеринин топтогон маалыматтары экономиканын бир катар тармактарын санариптештирүүнү камсыз кылат. Негизинен алар айыл чарбасында колдонулат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков