Казакстан Түркиядагы атомдук электр станциясын куруу тажрыйбасын өздөштүрүүдө. Ата мекендик адистер Aккую атомдук электр станциясынын курулушу менен таанышты. Алар бул жердеги бир катар технологияларды келечекте Казакстанда да колдонууга болоорун белгилешет.
Жанибек Байдолла, стратегиялык демилгелер борборунун башкаруучу мүдүрү:
- Мындай иш-чараны өткөргөн Росатомго, ошондой эле Энергетика министрлигине жана Самрук-Казынага ыраазычылык билдиргим келет. Казакстанда бардык жогорку адистештирилген кызматкерлерди тартуу менен деталдуу иш болот. Инженерлер менен кызматкерлер жана электр энергиясын өндүрүү маселелери боюнча түзмө-түз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Аккую АЭСи ишке киргизилгенден кийин жылына орточо эсеп менен 35 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгаары күтүлүүдө. Бул көлөм өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгынын 10% камсыз кылууга жетет. Айта кетсек, долбоор Түркия менен Орусиянын өкмөттөр аралык келишиминин аркасында ишке ашырылууда.
Ержан Кудайберген, Парламент Мажилисинин Депутаты:
- Мамлекет башчы бизге бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдүн бири – өлкөнүн ичиндеги энергетикалык тартыштык маселесин чечүүнү тапшырды. Мында заманбап технологияларга жана илимий жетишкендиктерге, анын ичинде атомдук электр станцияларын курууга таянабыз. Бүгүнкү күндө бул тажрыйба бүткүл дүйнөдө колдонулат. Өлкөбүздө атомдук электр станциясынын курулушу ички рыноктун электр энергиясына болгон керектөө маселесин чечүүгө жардам берет деп ойлойбуз.
Адистердин айтымында, Түркиядагы атомдук станциялардын иштеши атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга жардам берет. Көмүр кычкыл газынын негизинде электр энергиясын иштеп чыгарууну алмаштыруу менен аларды жылына орто эсеп менен 17 миллион тоннага чейин кыскартууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков