Казакстандагы ишкерлер үчүн соода жол-жоболорун жеңилдеткен tradeinfo.kz маалымат порталы ишин баштады. Жаңы онлайн платформа трансчекаралык соода жол-жоболору боюнча маалымат берет жана аны бизнес үчүн жеткиликтүү кылат. Портал Ready4Trade-Central Asia долбоорунун алкагында ишке киргизилген. Анда бардык импорттук, экспорттук жана транзиттик келишимдер, керектүү документтер, формалар менен кошо жол-жоболор кеңири баяндалган. Азыр порталда 50дөн ашык товардын процедуралары бар. Координаторлор бул долбоор кичи жана орто бизнеске, өзгөчө мунай эмес секторго чоң жардам берээрин айтышат.
Нурлан Кулбатыров, долбоордун координатору:
- Эгер сиз ун өндүрүүчү компания болсоңуз жана биринчи экспорттук операцияңызды өткөрүүнү кааласаңыз, бул порталга кирип, экспорт же импорт, үч түрдүү форманын бирин тандайсыз. Андан кийин керектүү товар түрүн тандап басасыз. Ичиндеги экспорттон баштап өлкөдөн чыкканга чейинки бардык документтердин тизмеги чыгат. Анын үлгүсү, канча төлөнүшү керек жана канча күндө алуу керектиги көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков