Казакстанда жылуулук энергия булактары обьектилеринин өндүрүшү артты

Казакстанда жылуулук энергия булактары обьектилеринин өндүрүшү артты

Казакстанда альтернативдүү энергия булактары объектилери 9 айда 6 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгышты. Бул өлкөдөгү жалпы генерациянын болжол менен 7% түзөт. Тармактык министрликтин  маалыматы боюнча, анын көпчүлүгү күн жана шамал күчүнөн алынат. Мында гидро электр станциялардын үлүшү бар. Белгилей кетсек, учурда 148 станция иштеп жатат. Бул кайра жанма энергия булактарынын жалпы кубаттуулугу 2,9 ГВтты түзөт. Мындан ары бул көрсөткүчтү арттыруу көздөлүүдө. Казакстан анын үлүшүн 2030-жылга чейин 15%га жеткирүүнү мерчемдеп жатат. Бул үчүн өлкө боюнча жаңы энерго станциялар курулууда. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 6 ири долбоорду ишке киргизүү каралган. Тактап айтканда, 5 гидро жана бир шамал объектисинин курулушу аяктоо алдында турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков