Казакстанда улуттук жасалма интеллект платформасы ишке киргизилет. Мажилис «Жасалма интеллект жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Жаңы система AI өнүмдөрүн иштеп чыгуунун бирдиктүү инфраструктурасын белгилейт. Тармакты өнүктүрүү үчүн мыкты илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды каржылоо, ошондой эле билим берүү программаларын түзүү жана эл аралык кызматташтык жаатында мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Бул Казакстандын дүйнөлүк жогорку технологиялык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна өбөлгө түзөт. Жаңы мыйзамда жасалма интеллект этикасы бекитилди. Анда тармактагы коомдук мамилелерге катышуучулардын укуктары жана милдеттери так белгиленген. Жасалма интеллект системасынын ээлери пайдалануу шарттарын белгилеп, өз укуктарын коргой алат. Пайдалануучулар жеке маалыматтарды коргоо, системанын иши жөнүндө маалымат алуу жана автоматташтырылган чечимдерге каршы чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Казакстан дүйнөдө мындай мыйзам кабыл алган алгачкы өлкөлөрдүн катарында. Мыйзамды кабыл алуу жараянында санариптештирүү тармагындагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбалар жана тобокелдиктер эске алынды.
Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:
- Мамлекет башчысы жакынкы Кайрылууда үч жылдын ичинде Казакстанды массалык түрдө санариптик өлкөгө айландыруу боюнча масштабдуу милдет койду. Бул прогрессивдүү идеяны Президентибиз дүйнөнүн эң башкы трибунасы БУУнун төрүнөн да жарыялады. Президент белгилегендей, массалык санариптештирүү жана жасалма интеллектти кеңири колдонуу өлкөбүздүн бүгүнкү күндө Улуттук артыкчылыгына айланды. Бүгүн кабыл алынып жаткан жасалма интеллект жөнүндө мыйзам бул демилгени ишке ашыруу жолундагы түптүү кадам деп айтууга болот. Ал өлкөбүздүн санариптик өнүгүүсүн жаңы деңгээлге чыгарууга жол ачары анык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

