Казакстанда
эң абройлуу эл аралык биология олимпиадасы өтөт. Ал дүйнөдөгү мектеп окуучулары
арасындагы ТОП-7 предметтик олимпиадалардын катарына кирет. Быйыл
интеллектуалдык таймашка 81 өлкөдөн 305 жаш биолог жана 275 илимпоз катышмакчы. Казакстандыктар IBOга 28 жылдан бери
катышып келишет. Бул убакыттын ичинде алар ар түрдүү номинациядагы 70тен ашык
сыйлыктарга ээ болушкан.
Гани Бейсембиаев, Окуу-агартуу министри:
-Мындай масштабдуу иш-чаранын Казакстанда өтүшүнө
окуучуларыбыз жыл сайын бул олимпиадада байгелүү орундарды алып келгени себеп
болду. Эл
аралык олимпиадаларга катышкан казакстандык ар бир экинчи окуучу медаль менен
кайтып келет. Быйылкы жылы эле 243 казакстандык эл аралык предметтик
олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болду. Бул биздин мектептерде билим
берүүнүн сапаты жогору экенин далилдейт.
Казакстандын атынан IBOдо 4 катышуучу жана 2 жетекчи чыгат. Мектеп
окуучулары көп баскычтуу тандоонун жыйынтыгында тандалып алынган жана алар
республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү. Катышуучулар теориялык жана практикалык
тапшырмаларды гана алышпастан, ошондой эле Астананын кооз жерлерине жана
Бурабай курортуна экскурсияга барышат. Буга кошумча өлкөнүн тарыхы жана маданияты
менен таанышышат.
Нурторе Торехан уулу, олимпиада катышуучусу:
-Бул
олимпиадага 7-класстан бери даярдандым. Беш жылдык эмгегимдин аркасында мындай беделдүү сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Өлкө
намысын коргоп, билимимди сынап жатканыма абдан кубанычтамын. Бардык
катышуучуларга ийгилик каалайм!
Которгон:
Илгиз Жамалбеков