Казакстанда 2,3 триллион теңгеге 45 ири өнөр жай долбоору ишке ашырылат. Бул тууралуу президент менен жолугушууда премьер-министр билдирди. Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу отчет берилди. Олжас Бектенов мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин транспорт тармагындагы жыйынында койгон милдеттердин аткарылышы боюнча баяндама жасады. Президентке вегетация мезгилинин өтүшү, түшүм жыйноого даярдык тууралуу да маалымат берилди. Сууну үнөмдөөчү технологиялар киргизилип, аграрчылардын суу ресурстарына болгон муктаждыктары камсыздалууда. Жыл башынан бери айыл, токой жана балык чарбаларында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дүң көлөмү 4%га өстү. Мындан тышкары, энергетикалык, коммуналдык инфраструктураны модернизациялоонун жана санариптик трансформациянын жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев экономикада мындан аркы институционалдык өзгөрүүлөрдү жасоо, аймактарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Назира Бегалиева

