ИДӨдөгү транспорт тармагынын үлүшү өсөт

ИДӨдөгү транспорт тармагынын үлүшү өсөт

2026-жылга чейин Казакстандын ички дүң өнүмүндөгү транспорт тармагынын үлүшүн 9 пайызга чейин жеткизүү пландалууда. Мындай тапшырманы Президент Касым-Жомарт Токаев берди. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Казакстанда 13 эл аралык транспорт коридору бар. Анын 5 темир жол болсо, 8 автоунаа жолдору. 11 миң чакырым жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Аны кийинки жылы аяктоо мерчемделген. 2023-жылы 900 чакырым жол пайдаланууга берилди. Жалпы Казакстан өзүнүн транспорт түйүн катары ролун арттырууну көздөйт. Транскаспий эл аралык транспорт багытын өнүктүрүү үчүн Каспий деңизинин жээгинде порт инфраструктурасын жакшыртуу зарыл. Жакында эле премьер-министр Алихан Смаилов Өкмөт жыйынында деңизде паром салууну 2024-жылы баштоону тапшырган. Ошондой эле, өкмөт башчысы стратегиялык чоң жолго кошулуучу жолдордун маселелерин чечүүнү, Транспорт жана логистиканы өнүктүрүү институтун түзүү маселесин караштырууну, инфраструктуралык автоунаа жана темир жол долбоорлору үчүн жерлерди резервде кармоону камсыз кылууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков