Казакстанда туризмдин өнүгүүсү

Казакстанда туризмдин өнүгүүсү

Казакстан дүйнөлүк туристтик картада жаңы тартымдуу жайга айланууда. Буга статистикалык маалыматтар - тактап айтканда, Улуу Талаа өлкөсүнүн сырларын ачкысы келгендердин, кооз жаратылышынан ырахат алууну, элдин бай маданияты жана каада-салттары менен таанышууну каалагандардын көбөйүшү далил.

Атырау облусуна саякатчылардын агымы үч эсе артты. Жыл өткөн сайын аймактын кооз жерлерин көргүсү келгендер көбөйүүдө, дешет адистер. Суроо-талап сунушту жаратат, ага жараша туризм инфраструктурасы өнүгөт. Ошентип, азыр Кигаш дарыясынын боюнда конокторго ыңгайлуу болушу үчүн 5 эс алуу борбору салынган.

Ернар Сарсенбаев, туристикалык базанын жетекчиси:

Бизде сезон жаздан күзгө чейин. Кээде туристтер кышында келет. Жайында бизге лотос гүлдөрүн көрүү үчүн келишет.

Акыркы жарым жылдын ичинде бул курортко 1200дөн ашык адам келген. Туристтердин агымынын көбөйүшүнө байланыштуу мында бүтүндөй туристтик кластерди уюштуруу чечими кабыл алынган. Быйыл жаратылыш койнунда жаңы эс алуу зоналары курулат. Эки обьектинин курулуш иши жыл соңунда аяктайт.

Нурлыбек Толепов, Курмангазы районунун ишкердик жана туризм бөлүмүнүн башчысы:

Бул жерде туристтик жайларды жергиликтүү тургундар гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынан келген ишкерлер да ачып жатышат. Айтайын дегеним, Курмангазы районунда туризм абдан жакшы өнүгүүдө. Негизги багыты – аңчылык жана балык уулоо.

Туристтер үчүн тартымдуулугу жагынан Караганды облусу да артта калбайт. Алсак, Каркаралы улуттук паркындагы тоо оазисине жыл сайын 20 миң турист келет, эми бул жерде алардын санын көбөйтүү иштери колго алынды. Алардын бири кемпингтерден куралган кичи-шаарча долбоору.

Динара Шарип, Каркаралы районунун ишкердик жана өнөржай бөлүмүнүн башкы адиси:

Каркаралы районунун акимчилиги туризмди жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн былтыр 8, быйыл 7 жер тилкесин бөлүп берди. Эми план боюнча бул участокторго туристтик объект курулат.

Каркаралыда бардыгы 35 санаторий бар. Мында бир эле учурда 3000ге чейин адам эс алууга болот. Карагайлуу токойдо эс алууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Айта кетсек, быйыл туризмден жергиликтүү бюджетке түшкөн киреше 260 миллион теңгеден ашты. Ошондуктан алар туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон аракетин көрүп жатышат.  Улуттук парктын аймагынан жыл аягына чейин 75 жер тилкеси ижарага берилет. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын башкы планы иштелип чыккан. Учурда ал экологиялык экспертизадан өтүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков