Уникалдуу жыйнактын автору Евразия улуттук университетинин профессору Мухит-Ардагер Сыдыкназаров. Ал чет элдик китепканаларда, архивдерде, картографиялык борборлордо, музейлерде сакталган XVI-XIX кылымдардагы байыркы атластарда көп кездешкен Казак мамлекетинин аталышын издеген. Изилдөө учурунда ал бүткүл Европаны жана Американы кыдырып чыккан. Окумуштуу бул ишке 17 жылын арнаган.
Мухит-Ардагер Сыдыкназаров, саясат таануу илимдеринин доктору, Л.Н Гумилев атынданы ЕУУнин профессору:
- Бул китеп өзүнүн илимий баалуулугунан тышкары саясий мааниге да ээ. Ал окумуштуулар менен илимий-изилдөө топтору жана тарыхты сүйгөн окурмандар үчүн жазылган. 1465-жылы Казак хандыгы түзүлгөндөн бери мамлекеттин атын жана ага байланыштуу маалыматтарды бардык европалык саякатчылар, элчилер, дипломаттар жана жоокерлер кагазга түшүрүп алып, белгилеп отурушкан. Бул өткөндү толуктоого катыштуу жаңы тарыхый көз караш. Анткени бул карталар Казакстанда биринчи жолу илимий, маданий жана маалыматтык жүгүртүүгө киргизилүүдө. Башкача айтканда, мурда өлкөдө болбогон маалыматтар.
Китепте өлкөнүн тарыхы үчүн өтө баалуу карталардан тышкары аларды түзүүгө катышкан авторлор, окумуштуулар, географтар, дипломаттар жана саякатчылар тууралуу маалыматтар камтылган. Ошондой эле, жыйнак казак элинин мамлекеттик түзүлүшү, күнүмдүк каада-салты жана этнографиясы жөнүндө баяндайт. Белгилей кетсек, уникалдуу басылма мындан эки жыл мурун Брюсселде казак, англис жана орус тилдеринде жарык көргөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков