Казакстандык таланттар дүйнөлүк сахналарды багындырууда. Домбрачылар Темирлан Олжабай менен Ернат Наурыз Испанияда өткөн Эл аралык Music Box сынагында мыктылардын катарына кирди. Казакстандыктар «Инструменталдык музыка» номинациясында жеңишке жетишти. Бул тайпада 36 өлкөнүн өнөрпоздору күч сынашты. Биринчи турда казакстандыктар Никколо Паганининин «Каприс №24» чыгармасын автордук монтажда аткарып, калыстарды таң калтырды. Ал эми экинчи турда домбрачылар «Так талаш» телесериалынын саундтрегин аткарып, сынактык ролик тартышты. Ошентип, катышуучулардын ичинен эң жогорку упайга ээ болду. Музыканттар бугу айында Испанияда өтө турган оффлайн фестивалына катышууга жана белгилүү музыка адистеринин мастер-классына катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Эске сала кетсек, Темирлан Олжабай менен Ернат Наурыз буга чейин Эң мыкты аспаптык дуэт номинациясында Bridge TV сыйлыгын жеңип алышкан, Golden Time Talent эл аралык фестивалында 1-орунга ээ болушкан жана Испанияда өткөн Costa Brava Music фестивалына катышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков