Көпчүлүк Жаңы жылды кыялдар орундалып, эңсеген сыйкырдуу учур деп эсептешет. Дүйнөлүк пандемияга карабастан, казакстандыктар быйыл да укмуштуудай окуялар болоруна ишенишет. Майрамдын алдында борбор калаанын тургундары жана коноктору жаңы жылда эмнени күтөөрүн билүү үчүн сурамжылоо жүргүздүк. Сааттын жебеси 12ни көрсөткөндө кандай каалоо тилектерди айтат? Ар кимдин табити, каалоолору ар кандай. Кээ бирөөлөр кыялдардын орундалышын Аяз ата менен байланыштырса, башкалары сыйкыр өз колуңдан жасалат, дешет.
Блиц:
- Түнкү саат 12деги тилегим орундалды. Борбордон бир бөлмөлүү батир алдым. Кичине болсо да өзүмдүкү.
- Менин аяз атам - менин жарым.
- Мага делген сезими өчпөсүн деп тилейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков