Эл Башы Нурсултан Назарбаев жарыялаган принциптердин жыйындысы жаңы доордо Казакстандын жаштары үчүн жаркын келечекке жол көрсөтүп турат. Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Лариса Павловецтин айтымында, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын алдында өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктары аныкталды. Эл өкүлү мекендин жети түркүгү жаш муундарга эгемен мамлекеттин жетишкендиктерин бекемдөөгө, анын жетишкендиктерин көбөйтүүгө, ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоого өбөлгө түзорүн айтат. Жаңы доор заманбап чакырыктарга жык толгон. Жаштар турмуштун сыноолоруна даяр болуу үчүн эң оболу өз чеберчилигин өркүндөтүүгө жана өркүндөтүүгө умтулушу керек. Ошондуктан жигердүү муундарды тарбиялайбыз десек, аларды колдон келишинче колдоо керек, дейт депутат.
Лариса Павловец, РКнын Парламенти Мажилисинин депутаты:
- 30 жыл ичинде 9,5 миллион бала жарык дүйнөгө келген. Ошол муун бүгүнку күндө эсүп жетилди. Ушул күнгө чейин колго алынган демилгелерди ишке ашыруу азыр ошол жаштардын колунда. Алар мындан ары да өлкөнүн кадрдык дараметин жогорулатуу, экономиканы, илимди жана билимди өнүктүрүүнү уланта берүүгө тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков