Казакстанда ири инвесторлор менен жоопкерчиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган Task Force атайын топ түзүлдү. Анын максаты – инвестициялык долбоорду башынан аягына чейин коштоо. Бүгүнкү күндө атайын түзүлгөн топ өз милдеттерин аткарууга киришти. Негизинен агроөнөр жай комплекси, химия, мунай, унаа жасоо, металлургия сыяктуу тармактарга байланыштуу демилгелер колго алынган. Учурда топтун курамына Kazakh Invest жана «Астана» эл аралык каржы борборунун кызматкерлери туруктуу мүчө катары кирди. Ошондой эле, анын ишине мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана элчиликтердин өкүлдөрү дагы тартылган. Инвесторлор менен биргеликте бышыкталган конкреттүү долбоорлор Өлкө премьер-министринин жетекчилиги астында инвестициялык штабдын кароосуна жиберилет.
Азамат Қожанов, «Kazakh Invest» УК» АК өкүлү:
- Биздин максат жакынкы келечекте республикалык деңгээлде ишке ашырыла турган долбоорлордун планын түзүү. Азыркы учурда бул агымга жалпы наркы 4 миллиард доллардан ашык 14 ири долбоор киргизилген. Алардын саны алдыдагы иштин жүрүшүндө толукталып турат. Аталган топ инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, структуралоо жараяндарынан баштап, аларды жүзөгө ашырууга чейин ар тараптуу коштоп жүрүүнү камсыз кылышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков