Үрүмчүдө “Кытай-Евразия: товарлар жана соода” эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү өттү. Ага Казакстан менен
бирге дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 300дөн ашык компания катышты. Көргөзмө борборунда
Казакстандын 40 өндүрүшүнүн өнүмү коюлду. Улуттук павильондун стендинен
коноктор макарон, кондитердик азыктарды, бал, жарма жана кебекти, ошондой эле
май жана мунай продуктуларын жана башка көптөгөн нерселерди көрө алышты. Серепчилер
кытай рыногу ата мекендик бизнес үчүн анын көлөмүн жана кытайлардын өз
өлкөсүндө өндүрүлгөн сапаттуу, экологиялык жактан таза өнүмгө кызыгуусун эске алуу менен абдан маанилүү деп
эсептешет.
Көргөзмөдө казакстандык компаниялар кызматташуу келишимдерине кол коюшту. Ошентип, мунай заводдорунун өкүлдөрү асман өлкөсүнүн ишкерлери менен макулдашып, 60 миллион долларлык продукцияны тапшырышты. Эске сала кетсек, буга чейин май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчүлөрдүн улуттук ассоциациясы Казакстан жакынкы үч жылда Кытайга 300 миллион долларлык өнүмдү экспорттой аларын билдирген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков