Казакстан менен Түндүк Македония соода алмашуусун 350 миллион долларга жеткирүүнү көздөөдө

Казакстан менен Түндүк Македония соода алмашуусун 350 миллион долларга жеткирүүнү көздөөдө

Казакстан Түндүк Македонияга экспортту көбөйтөт. Натыйжада эки тараптуу соода жүгүртүүнү 350 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Борбор калаада жолуккан эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери бул боюнча бир пикирге келишти. Өз ара байланыштын талаасын жогорулатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Маселен, былтыр гана бул көрсөткүч 5 эсеге өскөн. Тараптар сүйлөшүүлөрдү туура жолго салуу үчүн өлкөлөр ортосунда визасыз режимди киргизүү зарылдыгын айтышууда. Эки өлкөнүн тең деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан министрлер биргелешкен соода жолдорун өнүктүрүүнү кубатташууда.  Өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери заманбап технологиялар, энергетика, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү жана туризм сыяктуу дараметтүү тармактарда кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты. Кызматташтык экономикалык мамилелер менен гана чектелбейт. Маселен, Казакстан аталган мамлекеттин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан эл аралык демилгелерди колдоого кызыкдар.

Мурат Нуртилеу, Тышкы иштер министри:

Казакстан Түндүк Македониянын маанилүү демилгелерин, анын ичинде диалогдун туруктуулугун камсыздоо аракеттерин колдоо менен өзүнүн күчтүү салымын кошууга даяр. Биз Түндүк Македониянын эл аралык терроризм жана экстремизм, баңгизат жана курал-жарак аткезчилиги, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш жана чек ара коопсуздугу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл буруусун кубаттайбыз.

Буяр Османи, Түндүк Македония Тышкы иштер министри:

Биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө ниеттенебиз. Ал мүмкүн болушунча саясий, соода-экономикалык жана маданий багыттарды камтыйт. Биз БУУнун жана ЕККУнун алкагында эл аралык аренада эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Казакстан көп жылдардан бери ЕККУнун активдүү мүчөсү экенин баса белгилегим келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков